КЕРЕЙ ТИТАН КЕНИ
КЕРЕЙ ТИТА́Н КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 70–80 км түн.- батыш тарапта, Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. капталында. 1949-ж. изилденген. Кен аймагын силур м-н девондун чөкмө тектери ж-а аны жиреп чыккан ультранегиздүү интрузия түзөт. Кенташ габбро-диабаз штогунда жайгашкан. Ал майда, чачыранды сепкил түрүндөгү ильменит минералынан турат. Кошунду түрдө марганец, ванадий, жез минералдары кездешет. Кендеги титандын кондициялык өлчөмү 3,44%ке чейин.