КҮЛЧӨТАЙ
КҮЛЧӨТАЙ – кыргыз-казактын улуттук тамагы; камыры жука жайылып, тилкелене кесилип, эттүү сорпого бышырылып, эти м-н бирге идишке сүзүлүп тартылуучу тамак. Сорпосу кеселерге куюлуп, өзүнчө берилет. О. эле аймактык өзгөчөлүктөргө жараша айрым жерлерде камырын кичинекей тегерек түрдө калың жайып, эки четин кол м-н бириктирип, эттүү сорпого бышырат же К-ды кесме ордуна туурап жиберген учурлар да кездешет.