КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ – элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Кыргыз кийими ж-а анын улуттук өзгөчө­лүктөрү тарыхый узак мезгилде табигый жаг­дайлардын, көчмөн мал чарбанын ж-а ага бай­ланган жашоо ыңгайынын өзгөчө шартында калыптанган. Кыргыздардын уруу-урук топто­рунун көчүп-конуусу, соода байланыштары, о. эле бөтөн элдер м-н узак убакытка чейин коң­шулаш жашашы кийимдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Байыркы кыргыздардын кийимдери ж-дө алгачкы маалыматтар Тан династиясынын дооруна таандык кытай булактарында кездешет. «Тан-Шунун» династиялык жазмалары ж-а 18–19-к-дагы тарыхый маалыматтар б-ча кыргыз төбөлдөрү кышкысын кундуз тебетей, жайкы­сын алтын алкагы бар, шоңшогой төбөлүү ж-а жээги кайрылган кийиз калпак, парча, жибек, баркыт, манат, кымкап ж-а ноотудан тигилген сырт кийим, бутуна кызыл жеке өтүк кийип, белдерине жибек жоолук курчанган. Кедейлер кылчык жүндөн токулган кездемеден, жаргак­тан, таардан, арзан матадан тигилген кийим­дерди кийип, белдерин боз кендир жоолук м-н курчанышкан. Калпактары шөкөттөлбөгөн, буттарына соору өтүк кийишкен. Кыргыздар Кавказ, Түш. Сибирь, Алтай, О. Азия, Казак­стан ж. б. аймактардагы элдер м-н мамилелеш болсо да, К. у. к. айкын этностук бөтөнчөлүккө ээ болгон. К. у. к-нин материалдык негизин тери, жүн, тыбыт ж-а сатып алынган түрдүү кез­демелер түзгөн. Айбанат терилеринен жылуу кийимдерди (ичик, тон, тебетей, тумак), кай­берен терилеринен жортуулга кийилүүчү кийим­дерди (кандагай, жаргак шым, чалбар ж. б.) ти­гишкен. Аялдар согуу жолу м-н (өрмөктө) бы­шык кездемелерди токушкан, ал эми өсүмдүктүн буласынан токулган кездемелерди коңшу элдер­ден сатып алып же алмашып турушкан. 19-к­дын 2-жарымында кийимдерди (бешмант, кем­селдердин өңүрү, кеп такыялардын жаактары, белдемчи ж. б.) сайма м-н кооздошкон.
К. у. к. негизинен жынысына (аялдыкы, эр­кектики), жаш курагына (наристелердики, бал­дардыкы, кыздыкы, уулдуку) ж-а арналышы б-ча майрамдык, үйдө, үйлөнүү тоюнда, аза күтүүдө, аңчылык кийимдерине, жыл маалына (кышкы, жайкы) жараша бөлүнгөн. Аялдын кийимдери узун ж-а кенен тигилген көйнөк­төрдөн (к. Көйнөк), багалектери көйнөктүн эте­гинен көрүнгөндөй кызыл ашыкка чейин узун тигилип, бели ычкыр м-н байланган ыштан-дам­балдардан (түш. тарапта дамбалдын багалеги бүйүрүлүп, оймо түшүрүлгөн жээк м-н бастырыл­ган), белден ылдый кийчү белдемчиден (к. Белдемчи) турган. 20-к-дын 1-жарымында аялдар­дын сырткы кийимдери чапан болгон. Ал эркектердин чапанына окшош бычылып тигилген,

Кыргыздардын 19-к-дын аягындагы кийимдери.
Кыргыздардын 19-к-дын аягындагы кийимдери./> , <img src='КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ72.png' alt='Заманбап кыргыз кийимдери.
Заманбап кыргыз кийимдери.

боору ачык, жакасы кайырма­луу келген. Келин-кыздардын, балдардын чапандары жарым ы жибек, жарымы жүн аралаш жал­тырак к ездеме­лерден жасалган. 19-к-дын 2-жарымында денеге кыналып тигилген бешмант, кемсел (жеңсиз), чыптама, пальто сымал чапан өңдөнгөн К. у. к. көбүрөөк колдонула баштаган. Кыздар үкүлүү топу ж-а тебетей, кош этек

көйнөк, кемсел, өкчөлүү өтүк кийип, кооздук­тарды (чачына аркалык, көкүрөгүнө ала тамак, төөнөгүч, моюнуна мончок, шуру) тагынышкан. Аялдардын баш кийимдери (шөкүлө, элечек, кеп такыя же чач кеп, жибек ж-а дүрүя жоолук ж. б.) жаш өзгөчөлүктөрүнө ж-а социалдык аба­лына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чий­мелер (кеште, сайма) м-н көркөмдөлгөн. Кыр­гыз аялдары колдо ултарылган же булгаары өтүк, улгайып калгандары маасы, такалуу тигилген кепич кийишкен. Аялдардын кийим-кечесинин маанилүү бөлүктөрүнүн бири – кооздуктар (чач учтук, чолпу, сөйкө-желбирөөч, сырга, шакек, билерик, бой тумар, төөнөч ж. б.) бол­гон. Кооздуктарды аялдар дайыма тагынып жүрүшкөндүктөн, кийимдин ажырагыс бүтүндү­гүн түзгөн. Эркектердин кийимдери негизинен көйнөк (жегде), ычкырлуу шалбар (жайкысын дамбал), чалбар, кандагай шым, чепкен, тон, ичик, чапан, кементай, кулун тон, бешмант, кемсел, тебетей, телпек (түш. тарапта), ак кал­пак, малакай, тумак, топу, өтүк, маасы, кепич, чокой, чарык, кур ж. б. кошумча жасалгалар­дан турган. Кыргыз элинин адаты б-ча айып тартууда, о. эле кийит кийгизүүдө, тартуу кы­лууда кийим-кечектер өзгөчө орунду ээлеген. Кыргыздарда кийим-кечеге кастарлоо м-н мамиле кылышат. Турмуштан көзү өткөн ата­эненин, бабалардын айрым кийимдери ыйык туткан эстелик катары балдарына, неберелерине берилген. Кыргыздардын салттуу турму­шунда кийимге карата бир катар эрежелер (ки­йимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, баштан чечип, белекке берүүгө ж-а сырткы кийимди желбегей жамынууга жаштарга жол берилген эмес ж. б.) сакталган. 20-к-дын 20-жылдарынан кийин кийим тигүүнүн жаңы технологиялары өздөштүрүлүп, европ. форма м-н улуттук элементтердин айкалышы­нан К. у. к-нде чоң өзгөрүүлөр болду. Учурда кыргыз элинин салттуу заманбап кийимдеринин түрлөрү көбөйүүдө.

А. Көчкүнов.