КЕРГИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРГИЧ – көркөм кол өнөрчүлүктө колдонулуу­чу аспап. Ал саймачылыкта пайдаланылат. Кергич жумуру жыгачтан төрт чарчы же тегерек кы­лып жасалган алкак. Анын бетине сайма са­йылчу кездеме керилет. Чоң кергич бир гана жы­гачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып бекитилет. Сайма сайылуучу кездеменин керилген бөлүгүнө көчөт түшүргөндөн кийин, че­тиндеги чырашты сөгүп, жылыштырып, кайра жөрмөп бекитип турат.