КЕРАТИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРАТИ́Т (гр. ktras, ktratоs – мүйүз) – көздүн тунук челинин сезгениши. Вирустар, чанда баш­ка микроорганизмдер козгойт. Мында көздүн ту­нук чели тунарып, көрүү начарлайт. Анын пай­да болушуна көз травмасы, көз оорулары, түрдүү жугуштуу оорулар (грипп, бруцеллёз, чечек, кеп­төөр, туберкулёз ж. б.) ж-а витамин жетиш­сиздиги себеп болот. Көздөн жаш агып, бир нер­се түшкөндөй болуп ооруйт, кызарат, тунук чел шишийт, жарыкты карай албайт, көрүү начар­лайт. Дарылоону врач жүргүзөт. Өз алдынча туура эмес дарыланганда чел кабыкты биротоло ак басышы мүмкүн. Оор учурда операция жасалат. Алдын алууда көздү травмадан коргоо, жугуш­туу ооруларды жуктурбоо, көздүн былжыр че­линин ж-а жаш бездеринин сезгенүүсүн өз уба­гында дарылоо, жеке гигиенаны сактоо керек.