КОЛЛАГЕН ООРУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛАГЕ́Н ООРУЛАРЫ – туташтырма ткань (коллаген талчалары) ж-а кан тамырларды жабыркатуучу оорулар тобу. Аларга ревматизм, ревматоартрит, кызыл волчанка, склеродермия, дерматомиозит ж. б. кирет. Оорунун күчөшү, калтыратма, организмдин көп системаларын (муундар, тери, өпкө, жүрөк, бөйрөк ж-а нерв системасы) жабыркатуу бардык К. о-на мүнөздүү. Оору катуу башталат, кийинчерээк басаңдап, өнөкөткө өтөт, кайталап кармап, акырындап күчөй берет. Ар бир оорунун өтүшүнүн өзүнчө өзгөчөлүктөрү болот. К. о-нын пайда болуу се­бептери ар түрдүү. Суукка урунуу, инфекция ж. б. ооруну күчөтөт. Анын оордугу ички орган­дардын ж-а борб. нерв системаcынын жабырка­шына байланыштуу. Көпчүлүк К. о-н дарылоо­до кортикостероид гормондору колдонулат.


Ад.: Сигидин Я. А., Гусева Н. Г., Иванова М. М. Диффузные болезни соединительной ткани. 2-е изд. М., 2004.