КЫЛ КЫЯКЧЫЛАР АНСАМБЛИ
КЫЛ КЫЯКЧЫЛАР АНСАМБЛИ – алгачкы муз. коллектив. 1930-жылдары филармонияда уюшулган. Анын демилгечиси ж-а уюштуруучусу Муратаалы Күрөңкөев болгон, ага Калык,

Дилдебай, Саид баштаган ондон ашуун кыл кыякчылар катышкан. 1948–66-ж. ансамблди С. Бекмуратов жетектеген. К. к. а-нин репертуарына «Байге», «Кош кайрык», «Сырдаш», «Эки ногой айрылыш» ж. б. күүлөр кирген.