КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12-к-га таандык археол. эстелик. Ысык-Ата р-нуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй д-нын сол жээгинде жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар калдыгын археол. табылгалардын ж-а о. кылымдардагы жазма булактардын негизинде Сарыг ш-на, В. Д. Го­рячева Невакет ш-на салыштырышат. Бул эки шаар тең о. кылымдардагы араб-фарсы авторлорунун (Ат-Табари, ибн-Хордадбек, ибн-Куда-ма, ибн-Жафар, ал-Хорезминин) эмгектеринде кездешет. Шаар ж-а шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар м-н курчалган.

Кызыл-Суу шаар калдыгынан табылган мөөрлөр (Чүй өрөөнү).

Жалпы аянты 200 га, шахристандык маданий катмарынын калыңдыгы 4 м. Түш.-чыгыш та­рабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк м-н сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооз­долгон. Шаардын гүлдөгөн мезгили 10-к-га тие­шелүү. Негизги калкы түрктөр, түргөштөр, кар­луктар болгон. Шаар калкы алгач Батыш Түрк, кийин Түргөш, Карлук каганаттары ж-а Кара­ханид мамлекетинин курамына кирген. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, те­мир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб ж-а несториан жазуулары ж-а 3000ден ашык Караханид, Тухус ж-а Арсланид, Кытай, Согду, Түргөш тыйындары табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некрополь) ж-а 8 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм)

(8–10-к.), үй курулуштары (10–11-к.), сарай (10–11-к.) шаар сыртындагы 3 сепил (8–10-к.), короо-жайлар изилденген. Түрк урууларына таан­дык, аты м-н кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Бул эстеликти археологдор А. Н. Бернштам (1939–40), П. Н. Кожемяко (1953, 1961–63, 1971–72), В. Д. Горячева (1978–88, 1996–2000) ж-а А. И. Торгоевдер (2007-жылдан) изилдеген.


Ад.: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; Горячева В. Д. Город Золотого верблюда. Ф., 1988; Красная Речка и Бурана. Ф., 1989.