КЫДЫРАЛИЕВ Хасанбек Кадыржанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРАЛИЕВ Хасанбек Кадыржанович (17. 6. 1960-жылы туулган, Москва) – оператор-коюучу, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты

(«Чуркаган ит», 1991), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты («Беш кемпир», 2000), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (2001),Кыргыз Республикасынын эл артисти (2011). Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтун 1988-жылы бүтүргөн. 1988–1996-жылдары «Кыргызфильм» кино­студиясында, 1996-жылдан «Ордо» продакшн-студиясында оператор-коючу болуп иштейт. 20дан ашык көркөм тасма тарткан: «Аномалия» («Кыргызфильм», режиссёру Г. Базаров, 1991), «Кылым карытар бир күн» («Катарсис», режиссёру Б. Карагулов, 1994), «Селкинчек», «Беш кемпир» [«Кыргызфильм», режиссёру А. Абдыкалыков (Актан Арым Кубат), 1997–1998], «Абайдын жаш курагы», режиссёру А. Амиркулов, 1995), «Жаш аккордеончунун өмүр баяны» («Ка­закфильм», режиссёру С. Нарымбетов, 1993), «Май­мыл» («Кыргызфильм», режиссёру А. Абдыкалыков,

Х. Кыдыралиев ки­но тартуу учурунда.

2000), «Шиза» («Казакфильм», режиссёру Г. Омаро­ва, 2004), «Мергенчи» («Казакфильм», режиссёру С. Апрымов, 2004), «Рекетир» («Сатайфильм», режиссёру А. Сатаев, 2007) жана башкалар.