КЕПЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ПЛЕР Иоганн (27. 12. 1571, Вюртемберг – 15. 11. 1630, Вейльдер-Штадт, Бавария, Регенс­бург) –

немис астроному ж-а математиги. Жаңы мезгилдин астрономиясын жаратуучулардын бири. Протестант мектебин бүткөндөн кийин, Тюбинген академиясынын диний семинариясын (1589), ак адеми яны (1591– 93) бүтүргөн. Грац ш-ндагы (Австрия) гимназияда мате­матика мугалими болуп иштеген. 1596-ж. «Аалам сырлары» деген биринчи эм­гегин жазган. Н. Коперник­тин ишин улантуучу ка­тары, чиркөө кызматкерле­ринин куугунтугу аны Грац ш-нан кетүүгө аргасыз кылган. К. 1600-ж. Пра­гада атактуу астроном Т. Браге м-н иштеген, ал өлгөндөн кийин (1601) анын көп жылдык өтө так байкоолорунун материалдарын алган. Ал Прагада «Виттелого толуктоо» (1604), «Диопт­рика» (1611), «Жаңы астрономия» (1609) деген эмгектерин жарыялаган. К. Планеталардын кыймыл законун ачкан. Анын биринчи эки за­кону «Жаңы астрономияда», 3-закону «Дүйнөнүн гармониясы» (1619) деген эмгегинде жазылган (к. Кеплер закондору). Ал түзгөн «Рудольф таб­лицасы» м-н ар кандай учур үчүн планетанын абалы аныкталган. Бул таблицанын негизинде эсептелген эфемериддер Чолпон, Күн диски б-ча өтө турганын (1631) алдын ала айтууга мүмкүн­дүк берген.


Ад.: Еремеева А. И. Выдающиеся астрономы мира. М., 1966; Белый Ю. А. И. Кеплер. М., 1971.