КВАДРАТ
КВАДРА́Т (лат. quadrаtus – төрт бурчтук, чарчы) – 1) тең жактуу тик бурчтук. Квадратты бурчтары тик ромб же бардык бурчтары ж-а жактары барабар параллелограмм деп да аныктоого болот. Мындан, квадрат параллелограммдын, төрт бурчтуктун ж-а ромбдун бардык касиеттерине ээ экендиги келип чыгат. Квадраттын диагоналдары өз ара перпендикуляр ж-а барабар болуп, кесилиш чекитинде тең экиге бөлүнөт. Квадрат төрт симметрия огуна ж-а бир симметрия борборуна ээ. Квадратка сырттан ж-а ичтен айлана сызууга болот. Квадрат анын жагы же диагоналы аркылуу түзүлөт. Пифагор мектебинде квадрат анын диагоналдары аркылуу өлчөнбөй тургандыгы табылган, башкача айтканда эгер а=1 болсо, анда d= 2 болот, мында а – жагы, d – диагоналы. Каалаган квадратта: 1) LA=LB=LС=LD=90°=n/2; 2) d ‒l‒ d ; 3) d=a 2; 4) S=a2=d2/2; 5) r=a/2; 6) R=d/2; 7) S=4r2, мында S – аянт,r – ичтен сызылган ж-а R – сырттан сызылган айлананын радиусу; 2) эки бирдей көбөйүүчүлөрдүн көбөйтүндүсү же сандын, туюнтманын экинчи даражасы да квадрат болуп эсептелет.