КЕНТ
КЕНТ , к е н д – 1) эл отурукташкан жер, чоң кыштак, шаар; 2) сепил, коргон. Согд жазууларында жана араб география эмгектеринде «кат» түрүндө жазылып, «үй» маанисин берген. «Кент» («кат») байыркы термин катары бүтүн Орто Азияда, ошондой эле Чыгыш Түркстанда, Иран жана Афганстанда энчилүү ат катары кеңири таралган. «Кат» түшүнүгү хинд-европа, финн-угор, монгол тилдеринде да пайдаланылат (мисалы, украинче «хата» түшүнүгү да «кат» сөзүнөн алынган). «Кент» энчилүү аттарда да «кан», «кенд», «кат» түрүндө кездешет. Кыргызстанда Ноокат, Торкент, Ноокен, Өзгөн (Узкендт), Бешкент жана башка, Орто Азияда Чымкент, Ташкент, Самарканд жана башкалар белгилүү.