КЕНЖАЕВ Идирисбек Гуламович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНЖАЕВ Идирисбек Гуламович (5. 11. 1953- ж. т., Өзбекстан, Анжиян обл., Коргон-Төбө р-ну, Токтогул айылы) – техника илимд. док­тору (2006), проф. (2007), КР Инж. академия­сынын академиги (2010), элге билим берүүнүн отличниги (1999). ФПИни (1983), Өзбекстан ИАнын Күн физикасы физика-тех. ИИИнин ас­пирантурасын (1991) бүтүргөн. ФПИнин Ошто­гу филиалында окутуучу (1983–88), Ош технол. колледжинде улук окутуучу, доцент (1991–96), Ош ТУда декандын орун басары (1996–98), де­кан (1998–2000), проректор (2000–02), КР УИА- нын Түш. бөлүмүндө лабор. башчысы (2002–03), Ош МУда кафедра башчысы (2003–07), декан (2007–10), 2010-жылдан проректор. Энергиянын жаңыланган түрү ж-а автомобиль транспорту тармагы б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгектин, а. и. бир монография ж-а 4 патенттин ээси.


Эмг.: Энергоустановки на базе двигателя Стирлинга.
Б., 2006.