КҮPӨҢ ТОПУРАК
ҮPӨҢ ТОПУРАК – кургакчыл дарак, бадал, чөп өскөн, сууга жуулбас топурак тиби. Кышы жумшак, жайы салкын, кургак субтропик климат шартында түзүлөт. Түн. Европа, Түн. Африка, Алдынкы Азияда, Кытайда, Индстан ж. а-нда, Мексика, Аргентинада ж. б.; КМШ өлкөлөрүндө Крымдын түштүгүндө, Борб. Азия м-н Закавказьенин тоолуу аймактарында кездешет. Кырг-ндын жалпы жер аянтынын 9%ке жакынын ээлеп, Батыш Тянь-Шандын түн. беттеринин топурагы К. т. болот. К. т-тын тик профили үч катмардан (горизонттон) турат. Ycтүнкү А катмары күрөң, жумшак (борпоң) чириндилүү келип, бүртүкчө структуралуу. Ал төмөнкү В катмарына акырындык м-н өтөт. В катмары бир аз нык ж-а чополуу келип, кесек бүртүк структуралуу; сууга жуулбас бөлүкчөлөрдөн (агрегаттардан) турат. Андан төмөнкүсү – топурак пайда болуучу катмарга билинбей өтөт, ал саргыч, карбонаттуу, жеңил ж-а орг. чополуу, бир аз кесек кум, таш аралаш чөгүндү тоотектен турат. К. т-та чиринди 3,5–4%тен 3–12%ке чейин жетип, төмөн карай акырындык м-н азаят. Топурак сиңирме комплексинде кальций ж-а магний туздары көбүрөөк. Реакциясы жегичтүү ж-а нейтралдуу. К. т-туу жер дан эгиндерин, мөмө-жемиш бактарын өстүрүү үчүн ж-а чабынды, жайыт катары пайдаланылат.