КҮH КАРАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ҮH КАРАМА (Helianthus) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. К. к-нын 50гө жакын түрү (негизинен бадал, чала бадал ж-а чөп) Түн. Америкада, 28 түрү (бадал сымал) Мексика, Перуда өсөт. Көпчүлүгү – көп жылдык өсүмдүк. Бир жылдыгынан м а й а л ы­н у у ч у К. к. (Н. annuus), көп жылдыгынан т о п и н а м б у р К. к-сы (Н. tuberosus) эгилет. Л и н з а с ы м а л К. к. (Н. lenticularis) отоо чөп катары кезигет. Кооздук үчүн өстүрүлүүчү түрлөрү: б а д ы р а ң с ы м а л К. к. (Н. cu- cumerifolius), у ч т у у ж а л б ы р а к т у у К. к. (Н. agrophyllus) ж. б. Эгилме (май алынуучу) К. к. өзөк тамырлуу (жерге 2–3 м терең кирет), сабагы жоон, түз (бийикт. 0,6–2,5 м), жалбырагы жазы, учтуу келип, түкчөлүү. Гүлү сары, айрымдары көк, топ гүлү – себетче (диа­метри 10–40 см). Курт-кумурска ар-

кылуу кайчылаш чаңдашат. Данеги сыртынан катуу к абык м-н к ап­талган. Вегетация мезгили 80 –140 күн. Күнөстүү кара топурактуу жерге жакшы өсөт. Данегинде 27–57% май болот. Майы тамак-аш ө. ж-нда (маргарин, консерва жасоо­до, кондитер өндүрүшүндө ж-а нан бышырууда), о. эле самын жасоо ж-а лак-боёк өндүрүшүн­дө кеңири колдонулат. Калдыгынан күнжара, шрот даярдалат. Майдаланган жалбырагы ж. б. тоют катары пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө эгилме К.к-нын майды көп берүүчү, илдетке, зыянкечке туруктуу сорттору чыгарылып, 26дан ашык сорту райондоштурулган. Негизинен Украина, Түн. Кавказ, Молдавия, Батыш Сибирь, Казакстан, Кырг-нда өстүрүлөт. К. к-нын үрөнүнө кызылча шиш тумшугу, күн карама бүлбүлдөгү, беде көпөлөгү ж. б. зыян келтирет. Илдеттери: склеротиниоз, кара чирик, дат илдети ж. б.


Ад.: Зинченко Б. А. Подсолнечник – высокопродуктивная культура. М., 1987.