КЫРГЫЗ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ
КЫРГЫЗ ДЫЙКАНЧЫЛЫК ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ КРдин Айыл чарба министрлигинин карамагында. Ин-т 1956-ж. Мамл. селекция ж-а респ. мөмө-жемиш, жашылча тажрыйба станцияларынын базасында түзүлгөн. 2002-ж. Агрардык илим ж-а консультациялык кызмат борборуна өткөрүлгөн. 2008-жылдан кайра министрликтин карамагында. Негизги ил. багыттары – а. ч. өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү
ж-а сапаттуу сортторун ж-а гибриддерин чыгаруу, а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникасын өркүндөтүү, дыйканчылыктын
ил. негизделген системасын иштеп чыгуу, которуштуруп айдоо системасын дыйкан чарбаларга киргизүү ж-а топурактын асылдуулугун жогорулатуу. Ин-тта а. ч. өсүмдүктөрүнүн 100дөй сорту ж-а гибриди чыгарылган ж-а райондоштурулган, а. и. күздүк буудайдын 40 сорту ж-а гибриди (жогорку түшүмдүүлүгү 8–10 т/га), күздүк арпанын (8,0 – 8,5 т/га), жаздык арпанын (3,5 – 8,5 т/га), жүгөрүнүнүн (17,0 –18,0 т/га), кант кызылчасынын (60,0 – 65,0 т/га), помидордун (60,0 т/га), картошканын (25,030,0 т/га) ж-а пахтанын (3,2 – 3,6 т/га) сорттору чыгарылган. Ин-т чыгарган буудай ж-а арпа сорттору Казак­стан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан ж-а Арменияда эгилет. КРдин а. ч-сын жүргүзүү ж-а облустар б-ча ил. жактан негизделген дыйканчылык системасы иштелип чыккан. Ин-тта 2 илимдин доктору (КР УИАнын 1 академиги, 1 корр. мүчөсү), 19 – кандидаты эмгектенет.
Ин-ттун ил. эксперименттик чарбасы, 4 тажрыйба станциялары ж-а чарбалары, 13 ил. бөлүмү ж-а лабор-сы бар. Ин-ттун алгачкы директору А. Л. Кильчевский (1956–63), 2010-жылдан директору Ж. Акималиев.
Д. Акматова.
]]>
</definition>
</page>
<page>
<title>«КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ»</title>
<revision>
<timestamp>2025-12-20T11:26:11Z</timestamp>
<contributor><username>KadyrM</username></contributor>
<text><![CDATA[«КЫРГЫЗДЫН ГИ́ННЕСС КИТЕБИ» – респ-дагы рекорддор ж-дөгү туңгуч маалыматтар жыйнагы. 2008-ж. 500 нускада жарык көргөн. Жыйнактын автору КР мад-тына эмг. сиң. ишмер Ы. Кадыров. Китеп эки бөлүмдөн турат: 1) «Кыргызстандын рекорддору» бөлүмүндө кыргыз тарыхындагы эң кызыктуу окуялар, эң байыркы, эң жаш, эң узун, эң көп, эң чоң, эң узак, эң кичине ж. б. ж-дө кыскача маалыматтар берилген; 2) «Биринчилер» бөлүмүндө респ-нын илимбилими, эл чарбасы, мад-т, спорт ж. б. б-ча алгачкы рекордсмендер, баштоочтор, туңгуч сыйлыктар ж-а ага татыктуу болгондор ж. б. ж-дө айтылат. Бул эмгек улам жаңы маалыматтар м-н толукталып турмакчы.