КЫРГЫЗДАРДЫН ЧҮЙГӨ КЕЛИШИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗДАРДЫН ЧҮЙГӨ КЕЛИШИ (18-к.) – калмактардын Борб. Азиядагы баскынчылык согуштарынан (к. Кыргыз-калмак (ойрот) со­гуштары) улам Кара-Тегин, Ысар (Гиссар), Көлөп (Куляб) ж-а Ферганага сүрүлүп барган кыр­гыздардын ата журтуна кайтып келиши. К. ч. к. тууралуу алгач Б. Солтоноевдин эмгегинде (к. Кызыл кыргыз тарыхы) эскерилет. 18-к-дын орто ченинде ички ж-а тышкы кырдаалга бай­ланыштуу Жуңгар хандыгы саясий-экон. кри­зиске учурап, алсырай баштайт. Убагында кал­мактардын экспанциясына туруштук бере ал­бай, чачылып кеткен кыргыздардын кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул учур­да кыргыз бийлеринин (к. Маматкул бий, Ка­работо бий, Кошой бий) демилгеси м-н сүрүлгөн кыргыздар 1730–40-ж. Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо аймактарына көчүп келет. Кыргыздар калмак­тардын Чүйдү ээн таштап, Ысык-Көл тарапка жер которгондугу ж-дө кабар («жөө күлүктөр» Дорбаш, Койкоң-Назар, Көкөй Чүйгө келип, жер чалышкан) алышып, чакан топтон куралган кол адегенде Талас, Чүй, кийинчерээк Ысык-Көл, Иле өрөөнүндөгү калмактарды сүрө баштайт (к. Атаке, Качыке, Эр Солтоной). Натыйжада кал­мактар Ички Жуңгарияны карай чегинип, Олуя- Атадан Балхаш, Илеге чейинки жерлер бошо­тулат. Калмактардан бошогон Талас, Чүй ай­мактарын Улуу жүздүн кээ бир уруулары (сары уйсун, дуулат, чапырашты, чанчкылы ж. б.), Иле тарабын Орто жүз наймандары, Ысык-Көл, Ат-Башынын чыгыш, түш.-чыгышындагы ай­мактарын Цин империясы ээлеп алууга умту­лат. Ушундай жагдайда Маматкул, Кошой бий­лер кыргыздарды Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй, Ат-Башы, Ысык-Көлгө көчүрүү демилгесин көтөрөт. Ошол мезгилде Ташкент, Түркстан та­раптан Чүй тарапка жыла баштаган казак уруу­ларына кыргыздардын Чүйгө көчүп келе баш­ташы тоскоолдук кылат. Туума бий башында­гы кушчу, саруулар м-н Садыр баатыр жетек­теген саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас – Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Ата –Мерке – Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөк байлар Кара-Балта – Ысык-Ата; Качыке башындагы чекир саяктар Ысык-Ата – Кемин; Атаке м-н Эсенкул башында турган сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки аймактарга, Че­рикчи бий башында турган миң түтүн бугу-са­рыбагыш ж-а миң түтүн саяк уруусу 1761-ж. Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына, Иленин оң жээгине көчүп келет. К. Ч. к. м-н кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара маселелери курчуйт. Орус ж-а кытай жазма булактарында казак сул- тандары Абылпеиз 1763–64-ж. Илеге, Абылай 1765-ж. Илеге, 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-ж. Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан кыргыздарга кол салат (к. Абылай хандын кыргыздарга жор­туулдары, Жайыл кыргыны, Түлөберди баатыр). Бирок казактар кыргыздардан жеңилген соң, эки элдин ортосунда тынчтык келишими түзүлөт. Натыйжада кыргыздар Байгара, Жамбыл, Кул­жа-Башы тоолору, Балхаш көлү ж-а Иле д-нын баш жагын казак ж-а Цин империясынын ас­керлеринен коргоп калат. Ал эми Цин импе­риясы м-н кыргыздардын ортосундагы чек ара маселеси элчилик жиберүү аркылуу чечилет (к. Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелери).


Ад.: Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.). А., 1989, 2-я часть; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыр­гызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б. , 1995; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.

Э. Турганбаев.