КЫРГЫЗ БАЛДАР ФОЛЬКЛОРУ
КЫРГЫЗ БАЛДАР ФОЛЬКЛОРУ . Балдар чыгармаларынын репертуары өтө бай, көп түрдүү. Балдар фольклорун салттуу фольклордон ажыратып кароо кыйын. Ар бир жанр балдардын табиятына жараша өзгөрүүгө дуушар болгон.
Чоңдордун чыгармалары балдар тарабынан кайра айтылып, кээ бир жанрлар чыг-лык м-н кайра иштелип, балдардын репертуарларына өтүп, б. а. көркөм поэтикалык булактар чоңдордун чөйрөсүнөн балдардын чөйрөсүнө көчүп, «балдар фольклору» деген түшүнүктүн, терминдин, ил. проблеманын пайда болушун шарттаган.
Бул – көп убакытты, татаал диалектиканы, кайрадан маани берүүнү, түшүнүүнү талап кылган процесс. Мис., эпостордо кезиккен сыйкырдуу бойго бүтүү, баласыз атанын балалуу болушу туурасындагы сюжет, мотив балдар жомокторунан орун алган. Балдар фольклору кыргыз оозеки чыг-лыгынан алган орду, генетикалык
өсүп-өнүгүү жолу, жанрдык курамы бар, өзүнө мүнөздүү касиет-сапатка ээ. К. б. ф. тарыхыйгенетикалык, поэтикалык чыгарманын жанрдык курамын, поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын изилдөө максатында балдар фольклорун классификациялоо иши жүргөн. Кыргыз балдар фольклорун изилдөө тарыхына көңүл буруп, фольклористика илиминин бай тажрыйбасын, методол. принциптерин эске алуу м-н тарыхый-генетикалык, жаш өзгөчөлүк ж-а аткарган кызматы б-ча төмөнкүдөй классификацияланат: 1) жаш балдарга арналган поэтикалык чыгармалар; 2) чоңдор тарабынан жаралып, балдардын чыгармасына айланган чыгармалар;
3) балдар оюндары. Бул үч чоң топтун биринчи тобуна балдар ырлары кирет. Балдар ырлары жаш өзгөчөлүгүнө, аткарган кызматына, маанисине карай экиге бөлүнөт. Наристе бөбөктөргө арналган ырлар, буга 1) алкыш, бата (жаңы төрөлгөн наристеге багышталган); 2) бешик ыры;
3) эркелетүү, сооротуу, оюн ырлары; 4) балдардын жаман жоруктарын жоюу максатында айтылган чымчыкейлер. Т е с т и е р б а лд а р д ы н ы р л а р ы н а 1) акыйнек айтышуу; 2) жаныбарларга, жаратылыш кубулуштарына, жыл мезгилдерине карата чыгарылган (календарлык) ж-а балдардын тилегин, учкул кыялын чагылдырган ырлар; 3) Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги балдар ырлары; 4) боз балдардын ашыктык ырлары кирет. Экинчи топко 1) жомоктор; 2) эпикалык чыгармалар;
3) калптар; 4) макал-лакаптар. Үчүнчү топтогу балдар оюндары экиге бөлүнөт: 1) сөз м-н коштолуучу оюндарга табышмак, жаңылмач, оюн ырлары; 2) кыймылдуу оюндарга балдардын дене боюн өстүрүүчү, калыптандыруучу, ден соолугун чыңдоочу оюндар кирет. К. б. ф-нун жанрдык курамын поэтикасын, генезисин, өнүгүү шарттарын М. Түлөгабылов, М. Сулайманов, Г. Орозова, А. Саттарова ж. б. изилдеген.
Г. Орозова.