КЫРГЫЗ-АТА ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-АТА ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Эски-Ноокат кыш­нан 12 км түштүктө, Кыргыз-Ата суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1800–2300 м бийикте. 1989–90-ж. чалгындалган. Кен аймагы силур, девон системаларынын жанартоо-чөкмө катмарларынан, таш көмүр мезгилинин интрузияла­рынан түзүлгөн. Чополуу бүлөө таш (сланец) силур мезгилинде пайда болгон. Бүлөө таштын өңү каралжын боз, чымкый кара, калыңдыгы 60 мден 200 мге чейин, көөп чыгуу темп-расы 1170–1200°С, көөп чыгуу коэфф. – 4, 5, алынган керамзиттин тыгыздыгы 0,56 г/см3. Чополуу бүлөө таш 1-категориядагы керамзиттик шагыл, кум алууга жарамдуу. Запасы В категориясы б-ча 1170 миң м3, С– 4182 миң м3..