КЫПЧАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАКТАР – Борб. Азиядагы байыркы түрк уруулар тобу. Кээ бир синологдордун (Ф. Хирт, П. Будберг) көз карашы б-ча К. ж-дөгү алгачкы маалыматтар кытай жыл баяндарында сйе ж-а яньто, Тонйукукта сир түрүндө кездешет. Ки­йин сйелер яньтолорду багындырып, сйеяньто (Сыр-Тардуш) уруусун түзгөнү ж-а алар уйгур, байегу, тунло, пугу сыяктуу эле хунндардын тйелэ (телес, теле) уруусунун бир бутагы экени айтылат. М. Кашгари кыргыз, огуз, тухси, чигил, ягмалардай эле К. да таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилесе, мусулман жазма дарек­теринде «кыфчак», «кыбчак», орус жыл баян­дарында «половецтер», батышта «куман», «ко­ман» түрүндө берилген. Бирок айрым окумуштуулардын (Т. И. Султанов, С. Г. Кляшторный) пикири б-ча байыркы кытай жыл баяндарын­да кездешкен «кюеше» («цзюше») этноними фо­нет. жактан К-га тиешеси жок. К. алгачкы жолу уйгурлардын каганы (745) Моюн Чурдун эстелигинде (751) эскерилип, уйгурлар 50 жыл аларга көз каранды болгону айтылат. Кытай жыл баяндары б-ча жужаңдардын империясы кулагандан кийин (552) сйеяньтолор Түрк каганды­гына, кийинчерээк Батыш Түрк кагандыгына карап, башка түрк уруулары м-н бирге Чыгыш Теңир-Тоодон Түш.-Батыш Алтайга чейинки ай­макты ээлешкен. Түрк кагандыгынын кыйра­шы м-н (630) саясий аренага сйеяньто ж-а уйгурлар чыгып, көп өтпөй эле кээ бир түрк уруу­лары (тогуз-огуз) м-н кошулган сйеяньтолор Ильтэр тукуму башында турган өз алдынча мам­лекет түзүүгө жетишет. К-дын күчөп баратка­нынан кооптонгон Тан империясы уйгур ж-а огуз уруулары м-н союз түзүп, сйеяньтолорду ка­туу кырышкан (к. Кыпчак кыргыны). 735-жыл­дан сир этноними жоголуп, 8-к-дын рун тексттери м-н араб маалыматтарында (Ибн Хордад­бек, Гардизи, Ибн ал-Асир) түрк урууларынын бири К. (кыбчак, хифджак ж. б.) ж-а алар кара, ак, сарылар болуп бөлүнгөнү ж-дө айтылат. Бул уруу бирикмеси 8–9-к-да кымактар м-н этностук-саясий карым-катнашта болгон. 10–11-к-да К. эки багытка – түштүккө (Мавераннахр) ж-а батышка (Волга боюна) журт которушкан. Бул мезгилде К-дын кайрадан күч алышы м-н пече­негдер Дон, Дунай д-нын жээктерин карай че­гинет. М. Кашгаринин эмгеги б-ча 9-к-да К. имак, карабөрүк, субар, каңлы, токсаба, бөрүлүү ж. б. уруулардан турган. Кээ бир араб, фарсы даректери б-ча 12–13-к-да Иртыштан Дунайга чейинки эбегейсиз зор аймакка үстөмдүк кы­лышкандыктан, ал жерлер Дешт и-Кыпчак (Кыпчак талаасы) деген ат м-н белгилүү бол­гон. 13-к-да моңголдордун чабуулуна байланыш­туу К-дын бир бөлүгү аларга баш ийип калыш­са, айрымдары Балкан ж. а-н көздөй жылып кеткен. Батый хан негиздеген Алтын Ордонун негизги бөлүгүн К. түзүп, ал ыдырагандан ки­йин ар кайсы улустун курамында калышкан. Негизинен К. ээлеген аймактын этностук аба­лы бир кылка болгон эмес, ошондуктан алар кымак, кыргыз, печенег, булгар, хазар, берендей, истяк ж. б. угор-финн этнокомпоненттери­не сиңип турушкан. Азыркы каракалпак, баш­кыр, лакай, кыргыз, түркмөн, алтай, ногой ж-а крым татарлары сыяктуу түрк тилдүү эл­дердин курамында кыпчак уруулары көп кезде­шет. Казак эли болсо өздөрүнүн этногенезин К. аркылуу түзүлгөн деп эсептешет. Кыргыздардын ичиндеги К. (к. Кыпчак) санжырада бир нече уруктардан куралат. Түрк тилдеринин генеал. классификациясында батыш хунн тобун­дагы кыпчак бутагы о. кылымдан баштап ки­йинки кыргыз, казак, түркмөн, уйгур, каракалпак, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, көчмөн өзбек, коңурат, катаган, лакай ж. б. элдердин калыптанышына чоң таасир тийгизгени белгиленет. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө да кыпчак тилинин таасири тийген. Ал эми ар кайсы элдин курамына кирген (каракалпак­кыпчак, казак-кыпчак, ногой-кыпчак, башкыр-кыпчак ж. б.) кыпчак уруу аталыштарындагы эн тамга, этноним, тамга белгилеринин орто­сунда этногенетикалык жалпылыктар бар.


Ад.: Голубовский П. Б. Печенеги, тюрки и половцы до нашествия татар. Киев, 1884; Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань, 1906; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Шаниязов К. Ш. К этнической истории узбекского народа (историко-этнографическое исследование на материалах кипчакского компонента). Таш., 1974; Кумеков Б. Е. Арабские и персидские источники по истории кипчаков XI–XIII вв., А.-А., 1987; он же. Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII–XIII вв., СПб., 1994; Плежнева С. М. Половцы. М., 1990; Кляшторный С. Г., Султанов Т. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. А., 1992; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072– 1077). Б., 1997; Гаркавец А. Н. Кыпчакское письменное наследие, в 2-х т., А., 2002.