КЫПЧАКОВ Жумабай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАКОВ Жумабай (11. 9. 1929-ж. т., Чүй обл., Кант р-ну, Алга айылы) – гобойчу, Кыргыз ССР эл арт. (1986). 1957-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайын бүткөн. 1944-жылдан Кыр­гыз мамл. филармониясынын Кыргыз эл аспаптар оркестринде адегенде комуз черткен. Гобойду Ленинграддан эвакуацияланып келген гобойчу И. Ильясовдон үйрөнүп, кийин оркестрде гобой партиясын ойногон туңгуч музыкант. Кыргыз, орус ж-а дүйнөлүк көрүнүктүү композиторлордун (Моцарт, Гендель ж. б.) гобой

үчүн жазылган чыгармаларын чебер аткарат. П. Шубин атн., М. Абдраев атн. балдардын муз.мектептеринде сабак берген . -

Ж. Кыпчаков гобойдо ойноодо.

Оркестрдин курамында СССРдин шаарларында, Францияда, Италияда, Румынияда ж. б. гастролдо болгон. Медалдар м-н сыйланган.