КЫЛЧЫК ЖҮНДҮҮ ЭЧКИ
КЫЛЧЫК ЖҮНДҮҮ ЭЧКИ – жерг. эчкилердин эт-сүт-жүн багытындагы түрү. КМШ өлкөлөрүнүн түрдүү райондорунда асыралат. Жерг. шартка мыкты көнүккөн. Чоңдугу, салмагы, жүнүнүн сапаты б-ча айырмаланат. Мис., О. Азиядагы эчкилер Кавказдагыдан ирдүү келет. Түн. Кавказ ж-а Чыгыш Сибирь эчкисинин жүнү кыска (3–5 см), каралжын, тыбыты агыш болот. Ар эчкиден 0,3–0,7 кг жүн кыркылып, 50–150 г тыбыт таралат. Тыбытынан түрдүү жоолук токулат. Кылчык жүнүнөн кийиз, одуракай кездеме, кыл килем, тасма жасалат. Сүт багытындагы эчкиден жылына 70–150 кг сүт саалат, сүтүнүн майлуулугу 4–6,3%. Ар жүз тубар эчкиден 110–130 улак алынат. Сойгондо 37–50% эт чыгат. Терисинен жумшак, бышык булгаары жасалат.