КЫЛЧЫК ЖҮНДҮҮ КОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛЧЫК ЖҮНДҮҮ КОЙ – жүнүнүн ичкелиги ж-а узундугу ар кандай кой породасы. Алынган продукцияга жараша К. ж. к. төмөндөгү топ­торго бөлүнөт: тондук тери багытындагы койлор (роман кою, кулунду кою, түндүк кыска куйрук кой); көрпө-сүт багытындагы койлор (каракөл кою, сокол кою) ж. б.; эт-май багы­тындагы койлор (гиссар кою, эдилбай кою, жайдары кой ж. б.); жүн-эт багытындагы кой­лор (кучугур кою, черкас кою, дарваз кою ж. б.; эт-жүн-сүт багытындагы койлор (балбас кою, мазех кою, карабах кою, карачай кою, лезгин кою, авар кою ж. б.). К. ж. к-дун ар жүзүнөн 100–140 (роман коюнан 200–300) козу алынат, ар биринен 0,85–2,5 кг жүн кыркылат. Кылчык жүндөн кийиз, кийиз өтүк жасалат, килем ж. б. токулат. К. ж. к-дун салмагы бирдей эмес. Мис., гиссар породасындагы соолуктун тирүүлөй салм. 90 кгдай, ал эми роман породасындагы соолуктуку 45 кг.