КЫЛ КЫЯК
КЫЛ КЫЯК – байыркы улуттук жаалуу тартма муз. аспап. 9–13-к-да О. Азия элдеринде кеңири тараган жаалуу тартма аспаптар м-н тектеш. Ал негизинен кулак, чара, моюн, куткун, тээк ж. б. бөлүктөрдөн турат. Тулкусу көк арчадан, өрүктөн сомдолуп чабылат. Уз. 65–70 см. Моюну кыска, беренеси жок. Добуш чыгаруу чарасы тең бөлүнгөн алмурут сыяктуу. Анын жарымы төөнүн жаргагы м-н капталат, алдына туурасынан кичинекей жыгачтан бертик коюлат. Капкактын ортосунан төмөн карай ичке кайыш тартылып, чарасына бекитилет. К. к-тын түбү санга коюп тартуу үчүн ылайыкталып, ичке келет, башында карама-каршы жайгашкан эки кулагы бар. Ал ыргай, чырганак, табылгыдан жасалат. К. к-тын тепкеги (тээги) үч бурчтук формасында эки ача жыгачтан, куткуну кайыш же булгаарыдан эки тилинип жасалып, ага кыл тартылат. Аспапты аттын куйрук кылы тартылган жаа м-н жанып ойнойт. Добушу бийик, мукам, уккулуктуу чыгыш үчүн К. к-ка эки асый жылкынын куйрук кылы (60–70 талдан ашпаган) тагылат. Адатта кылды аспапка тагарда аны самындап жууп, тарап, карагайдын кайнаган чайырын сүйкөйт. Ойнор алдында кылга чайыр сүйкөлөт. К. к. түркүмүндөгү аспаптар дүйнөгө, айрыкча түрк тилдүү элдерге кеңири тараган. Алардын ичинен кыргыздын К. к-ы казактардын кыл кобызына, кара калпактардын кобызына, тувалыктардын илгесине, хакастардын ыыхына, алтайлыктардын илкемине тембри, добушу, күүлөнүшү, түспөлү, чабылышы жагынан окшош. К. к. негизинен кварта м-н квинтага күүлөнөт. Анын эки кылынан бир мезгилде: төмөнкүсүнөн обондуу, жогоркусунан туруктуу добуш чыгат. К. к-тын коңур добушу адамдын үн интонациясына өтө жакын. Анда адам турмушун, тарыхый окуяларды, жоокердик жүрүштөрдү баяндаган программалуу күүлөр тартылат. Түрдүү курактагы адамдардынүнү, күлкүсү, ыйлаганы, кошок кошкону,

Кыл кыяк: 1 – чарасы; 2 – капкагы; 3 – куткуну; 4– тепкеги; 5 – кылдары; 6 – моюну; 7 – кулактары; 8 – жаа жыгачы; 9 – кылы (тептирге). жан-жаныбарлардын кыймылы, үнү, табигый көрүнүштөр («Тору кашка ат, кокуй», «Ак токту», «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоо», «Улардын учушу», «Байге», «Шүдүңгүт», «Ботой» ж. б.) тууралып баяндалат. К. к. кенже дастан айтуучулардын, жомокчулардын ж-а элдик ырчылардын коштоочу аспабы катары да пайдаланылат. Айрым эскерүүлөргө караганда байыркыда Байгын, Олжобай аттуу чоң кыякчылар болгон, алардын өнөрүн Датка, Дилдебай, Боромбай, Саид, Жолой, Иманкул ж. б. улаган. К. к-та өзүнө мүнөздүү обон күүлөр м-н бирге комуз, темир ооз комуз күүлөрү да тартылат. К. Орозов атн. Кыргыз мамл. акад. эл аспаптар оркестринде К. к-тын өркүндөтүлгөн төрт түрү (кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас, кыл кыяк-контрабас) пайдаланылат.