КЫЙМЫЛДАТКЫЧТЫ МУЗДАТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЙМЫЛДАТКЫЧТЫ МУЗДАТУУ – кыймылдаткычтын бөлүктөрүн өтө ысып кетүүдөн сак­тап, белгилүү темп-рада кармап туруу. Суюк­тук (көбүнчө суу) ж-а аба аркылуу муздатуу болуп айырмаланат. Кеңири таралган түрүнө суюктук м-н муздатуу кирет ж-а анда суюктук­ту насостун жардамы аркылуу айландырып (циркуляция), цилиндрлердин башы муздатылат. 0°Сден төмөнкү темп-рада суунун ордуна

Автомобиль кыймылдаткычын суюктук м-н муздатуу: 1– ра­диатор; 2 – желдет­кич; 3 – суу насосу; 4 – суу өткөргүч (суу рубашкасы); 5 – ци­линдрдин башы.

жылдын бардык мезгилинде колдонулуучу суюк туктар, антифриздер пайдаланылат. Аба аркылуу К. м-да цилиндрлердин башынан ж. б. бөлүктөрдөн бөлүнүп чыккан жылуулук аба м-н үйлөтүлүп чыгарылып турат.