КЫЗЫЛЧА КАЗГЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛЧА КАЗГЫЧ – кызылча ж. б. азык-тамырлуу өсүмдүктөрдү казуучу а. ч. шайманы. К. к. негизинен кызылча комбайны жүрө албаган тегиз эмес, өңгүл-дөңгүл жерлерде пайдаланылат. Heгизги бөлүгү – казуучу калак, ал кызылчаны казып сыртка чыгарат. Кийин ал кол м-н жыйналат. Мында эмгек өндүрүмдүүлүгү кол м-н казганга караганда 25–30%ке жогорулайт.
К. к. катар аралыгы 45–60 смге чейинки кызылчаны казууга ылайыкталган. СНК-ЗР, СНС-2М ж. б. маркадагы К. к. ДТ-24, Т-28 ж-а «Бела­русь» тракторлоруна тиркелет. Өзү жүрмө СНШ-3 маркасындагы К. к. пияз (катар аралыгы 45 см болгон) казууга да ылайыкталган. Саатына 0,6–0,8 га жердеги кызылчаны казат.