КЫЗЫЛ-ТУУ
КЫЗЫЛ-ТУУ , А к - Т е р е к – Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы кыштак. Ак-Терек айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кышнан 28 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 60 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1428 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Мукашева туулган.