КЫЗЫЛ-ТУУ 4

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТУУ (1870-ж. чейин К о ж о м б е р д и, 1870–1950-ж. М ы р з а к а н, 1950-жылдан азыркы атында) – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл окру­гуна караштуу. Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 980 м бийикте, райондун борбору Токтогул шаарчасына туташ жайгашкан. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 185 км. Калкы 3060 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, лицей бар. Соода борборлору иштейт.