КЫЗЫЛ-ТУУ 3

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТУУ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Багыш айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 24 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 17 км. Калкы 1234 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. ФАП, Көгарт өрөөнүндө жайгашкан кыштактарды тейлеген мечит бар.