КЫЗЫЛ-ТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТОО – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Кызыл-Тоо айыл округуна караштуу.
Жазы суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 25 км чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 75 км. Калкы 3269 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.