КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ
КЫЗЫЛ-СУУ ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12-к-га таандык археол. эстелик. Ысык-Ата р-нуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй д-нын сол жээгинде жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар калдыгын археол. табылгалардын ж-а о. кылымдардагы жазма булактардын негизинде Сарыг ш-на, В. Д. Горячева Невакет ш-на салыштырышат. Бул эки шаар тең о. кылымдардагы араб-фарсы авторлорунун (Ат-Табари, ибн-Хордадбек, ибн-Куда-ма, ибн-Жафар, ал-Хорезминин) эмгектеринде кездешет. Шаар ж-а шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар м-н курчалган.

Жалпы аянты 200 га, шахристандык маданий катмарынын калыңдыгы 4 м. Түш.-чыгыш тарабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк м-н сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон. Шаардын гүлдөгөн мезгили 10-к-га тиешелүү. Негизги калкы түрктөр, түргөштөр, карлуктар болгон. Шаар калкы алгач Батыш Түрк, кийин Түргөш, Карлук каганаттары ж-а Караханид мамлекетинин курамына кирген. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, темир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб ж-а несториан жазуулары ж-а 3000ден ашык Караханид, Тухус ж-а Арсланид, Кытай, Согду, Түргөш тыйындары табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некрополь) ж-а 8 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) (8–10-к.), үй курулуштары (10–11-к.), сарай (10–11-к.) шаар сыртындагы 3 сепил (8–10-к.), короо-жайлар изилденген. Түрк урууларына таандык, аты м-н кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Бул эстеликти археологдор А. Н. Бернштам (1939–40), П. Н. Кожемяко (1953, 1961–63, 1971–72), В. Д. Горячева (1978–88, 1996–2000) ж-а А. И. Торгоевдер (2007-жылдан) изилдеген.
Ад.: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; Горячева В. Д. Город Золотого верблюда. Ф., 1988; Красная Речка и Бурана. Ф., 1989.