КЫЗЫЛ-СУУ 4

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ , Ж а ң ы К ы з ы л-С у у – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Отуз-Адыр айыл округуна караштуу. Гүлчө суусунун боюн­да, деңиз деңг. 1200 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кара-Суу ш-нан 64 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 56 км. Калкы 1369 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарба­ларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, оорукана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жайлары, соода бөлүмдөрү иштейт.