КЫЗЫЛ-СЕҢИР
КЫЗЫЛ-СЕҢИР , Ж а ң ы - Ч е к – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 23 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 28 км. Калкы 4037 (2009); негизинен кой багат ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж-а соода кылуучу жай-ар иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.