КЫЗЫЛ-КЫЯ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КЫЯ ЧОПО КЕНИ , Э ш м е - Б у л а к к е н и Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Кызыл-Кыя ш-нан 23 км түш.-чыгыш тарапта, Караван өрөөнүндө. 1924-ж. табылган. Кен аймагында юра мезгилинде пайда болгон көмүр кат­марлары, кумдук, конгломерат, чопо жатат. Карапалык чопо катмарынын калыңдыгы 0,7–9,6 м, уз. 1,8 кмге жетет. Чопонун өңү саргыч келип, чоюлгуч, жогорку сапаттагы карапа жасоого жарамдуу. Чопонун көлөмдүк салмагы – 0,72 г/см3. Суу сиңиримдүүлүгү 11,42–16,93%. Запасы С1 категориясы б-ча 256 миң т. Кен 1924-жылдан казылып, чоподон Кызыл-Кыя кыш з-ду отко чыдамдуу кыш даярдайт.