КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ 1
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ноокен айыл округуна караштуу. Шалка суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 575 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 11 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 56 км. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1194 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Бала бакча, китепкана бар. Кыштакта 2 дыйкан чарба, тех. сервис, соода түйүндөрү иштейт.