КЫЗЫЛ-ЖОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЖОЛ – Баткен р-нундагы кыштак. Баткен шаарынын курамына кирет. Деңиз деңг. 1055 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен ш-нан 3 км батыш тарапта. Исфара т. ж. бекетинен (Тажикстан) 25 км. Калкы 3843 (2009); негизинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенип, өрүк белендейт. Орто мектеп, китепкана, оорукана бар.