КЫЗЫЛ-БУЛАК 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-БУЛАК – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Көтөрмө айыл округуна ка­раштуу. Шаймерден капчыгайында, Ак-Суу суусунун ж-а Фергана – Хамза-Абад автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 15 км түш.-чыгыш тарапта. Маргалаң т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 48 км. Калкы 1555 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү иштейт.