КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР
КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР – сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албаган, бирок сөз же сүйлөмдү байланыштырууда же ар кандай кошумча маанини билдирүүдө колдонулган сөздөр. Алар өз алдынча турганда мааниге ээ эмес ж-а сүйлөм мүчөлөрү да боло алышпайт. Буларга байламталар, жандоочтор, бөлүкчөлөр ж-а модалдык сөздөр кирет. К. с. толук маанилүү (негизги) сөздөрдүн семантикалык, граммат. (синтаксистик) жактан олуттуу өзгөрүүгө учурап, бир нече белгилери б-ча сөз мүчөсүнө жакындашып кетишинен пайда болот.