«КЫЗ ДАРЫЙКА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫЗ ДАРЫЙКА» – элдик поэма. Поэмада Самаркандда Катыраң деген падышанын жалгыз кызы Дарыйка чечкиндүү, акылдуу, сулуу, бал­бан болуп, элин коргогон баатырдыгы сүрөт­төлөт. Ал элин сырткы ж-а ички душмандардан коргоп турат. Бойго жеткенде жар издеп, өзү м-н күрөштө өзүн билгизип, жеңген жигит­ке турмушка чыгуу шартын жер жүзүнө жар салат. Ал аңыз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетет. Эчендеген балбан жигиттер келип, жеңилүү ызасын тартышат. Акыры ал кабарды Меке, Мединаны жердеген азирети Аалы угуп, аны м-н күрөшүүгө кумарланат да, кайын атасы Мухамеддин уруксаты менен Са­маркандга келет. Дарыйка м-н 15 күн, 15 түн күрөшүп, күрөш майданында кара күч сынашуу м-н гана эмес, бетме-бет сүйлөшүп, сырдашып, бири-биринин купулуна толуп, ички сезимде­рин билдирүүгө да жетишет. Акыры Аалы өзү­нүн кара күчү, «алла тааладан» болгон жардам м-н кызды жеңет. Шарт б-ча алар үйлөнүп, 6 ай өткөндөн кийин Аалы түш көрүп, түшүндө Мухаммед пайгамбар аян берет. Балдары ж-а аялы Фатима аны күтүп, сагынып жүргөндөрүн билет. Аалы Дарыйка м-н коштошуп, эли-жерине кетет. Дарыйка уул төрөп, атасынын айтып кеткени б-ча атын Шайызында коёт. Ал жаштайынан эле ашкан баатыр чыгат. Кийин атасы Аалы экенин билип, аны издеп жөнөйт да Ме­кеге келип, күрөш болуп жаткан майданга туш келет. Алар м-н күрөшүп, баарын жеңет. Алар бир туугандары, атасы экенин билгенден кийин, атасы м-н агаларына колу тийгенине уялган­дан качып жөнөйт да, жердин жаракасына ки­рип кетет. Поэма түрк элдеринин бардыгында айтылып, орток чыгармага айланган. КР УИА-нын Кол жазмалар фондусунда поэманын онго жакын варианты (К. Орозов, М. Канкелдиев, К. Жантаев, Ж. Сокубашев, К. Алиманов, К. Му­кашева, К. Салибаев, О. Нургазиев, М. Зулпиев) сакталып турат. Адабиятчы Г. Орозова бардык варианттарды бири-бирине салыштырып, изилдөө жүргүзгөн. «Эл адабияты» сериясынын 11-томуна (2002) көркөмдүгү жогору, тили так, баян­доо ыкмасы ырааттуу, чыгыш, түрк элдеринин баатыр кыздары ж-дө эпикалык деңгээлге кө­төрүлгөн чыгармалар катары комузчу К. Орозовдун ж-а таластык К. Алимановдун айтуусундагы эки варианты кирген. Мындан сырткары 1966-ж. О. Нургазиевдин айтуусунда «Азретали менен кыз Дарыйканын күрөшү» деген ат м-н китепче жарык көргөн. Бул поэма казак, кара калпак, кыргыз ж. б. түрк элдеринин фолькло­рунда кездешет. Бардык тилдеги варианттар би­ри-бири м-н үндөшүп, ушул элдердин орток чы­гармасы экенин айгинелеп турат.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. 1-том. Б., 2004.

Ы. Кадыров.