КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗАРТ БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5-к-дагы хунн дооруна таандык мүрзөлөр. Жумгал р-ну­нун Кызарт ашуусунда жайгашкан. 12 дөбө­мүрзөдөн турат. Беш дөбө-мүрзөнү археолог А. Н. Бернштам изилдеген. Бийикт. 0,21–0,87 м, диаметри 8–18 м. Үстү топурактан үйүлгөн дөбө түрүндө. Көрүстөндөрдүн ички түзүлүшү чарадан ж-а маркум коюлуучу казанактан турган. Айрымдары жарма көр түрүндө. Адам сөөгү жалгыздан же экиден коюлган. Баш сөөктөрү сөлпү түзүлүштө болгон. Жыгач ж-а чопо идиштер, жаа бастырмалары, жибек кез­деме калдыктары, жаа жебеси, бычак ж-а ийик­тин башы табылган. 1990-жылдары байыркы түрк ж-а Караханиддер дооруна тиешелүү эсте­ликтерди жерг. тарых мугалими А. Абдрахма­нов ачкан. Аларга балбал таштар ж-а байыркы турак жай калдыктары кирет.