КЫЗ АЛА КАЧУУ
КЫЗ АЛА КАЧУУ – колуктуну ала качып, никелешүү салты; куда түшкөн кызга калың төлөөгө каражат жетишпесе же кыздын ата-энеси кыз каалаган жерине барышына каршы чыкса ж-а жуучуларга макулдугун бербесе, жигит кыздын макулдугу м-н кызды ала качуусу. Жигиттин атасы урук-туугандарынан киши ээрчитип, кыздын атасынын алдына түшкөн. Эки тарап жарашкандан кийин, никелешүүнүн салттуу ырымдары улантылган. К. а. к-нун мындай түрү оокаттуу, урук-туугандуу бүлөлөрдө жолуккан. Улуттук салтта кыздын макулдугусуз эч убакта К. а. к. болгон эмес. Эгерде кыздын макулдугусуз ала качса, урук, уруулардын ортосунда жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. К. а. к. улуттук никелешүүдө өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш болгон.