КҮЧАЛА
КҮЧАЛА , к у с т у р у у ч у ж а ң г а к (Stychnosnux vomica) – өсүмдүктөрдүн стрихностор уруусуна кирген дайыма жашыл дарак. Азия, Африканын ж-а Түн. Австралиянын тропик токойлорунда өсөт. Мөмөсү катуу, бир жагы томпок, экинчи жагы кабырыңкы топчудай 2-8 уругу болот. Анда медицинада, ветеринарияда кеңири колдонулуучу .,

алколлоиддер – стрихнин, бруцин бар. О. Азия элдеринде дары ж-а уу катары байыртадан кеңири колдонулуп келген. К. ж-а андан алынган дары-дармек борб. нерв системасынын иш-аракетин күчөтөт. Көбүрөөк берилсе, дене тырышып, карышат. Организмдин жалпы кубатын чыңдоо максатында зат алмашуу бузулганда, организм начарлаганда, бат чарчоодо, гипертонияда, интоксациянын ж-а инфекциянын кесепетинен жүрөктүн иштеши басаңдаганда, шал болгондо колдонулат. К. кыргыз дарыгерчилигинде илгертен белгилүү. К-ны сууга кайнатып, кымызга, бозого кошо ачытып, узак оорудан күч-кубаты начарлаганда, эски ооруларды дарылоодо ж-а жалпы эле көңүл көтөрүү үчүн пайдаланылган. Аңчылыкта карышкыр, түлкү ж. б-ды уктатуу үчүн да колдонулган.