КҮРӨҢ КӨМҮР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРӨҢ КӨМҮР – байыркы доорлордогу өсүмдүктөрдүн калдыктарынан пайда болгон көмүр. Жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү б-ча таш көмүр­дөн начар, чым-көңдөн жогору. Чым-көңдөн ты­гыздыгы, өсүмдүктөрдүн калдыктарынын аздыгы, таш көмүрдөн кара күрөң түсү, күлдүүлүгү, абада тез бузулушу, күрөң түскө өтүп кетиши м-н айырмаланат. Курамында көмүртек 55–78%, суутек 4–6,5%, кычкылтек 15–30%ке жетет.
Жылуулук берүү энергиясы 5400–7400 ккал/кг. Энергетикада, суюк отун, синтетикалык зат, газ, жер семирткич өндүрүп алууда хим. сырьё катары колдонулат. Таш көмүр мезгилинен неогенге чейинки тоо тек катмарларында кездешет. Айрыкча мезозой, кайнозой замандарына мүнөздүү. Эң жука кабыкчадан ж-а 100–120 мге чейинки калыңдыктан турат. Ири кендери Кырг-ндын аймагында көп жолугат. Мис., Көк-Мойнок – Кара-Кече көмүр бассейни, Кызыл-Кыя көмүр кени ж. б. K