КҮРМӨНТҮ ШААР КАЛДЫГЫ
КҮРМӨНТҮ ШААР КАЛДЫГЫ – 8–12-к-га таандык археол. эстелик. Ысык-Көлдүн Түп булуңунда жайгашкан. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу, аянты 220–320 м. Казуу убагында бакса дубалынын урандысы, карапа идиштер, жаныбарлардын сөөктөрү табылган.