КҮН АТМОСФЕРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮН АТМОСФЕРАСЫ – Күндүн байкоого мүмкүн болгон сырткы бети. К. а. бир канча түрдүү кат­мардан турат. Анын көзгө көрүнгөн нур чыгаруучу ички жука бөлүгү – фотосфера. Фотосфе­ранын калыңдыгы 300 км, тыгыздыгы болжол м-н 3.104 кг/м3, темп-расы 5700° Кден 4500° Кге чейин (к. Фотосфера). Анын үстүндө 14 кмге созулган х р о м о с ф е р а жайгашкан ж-а тыгыздыгы 109 кг/м, темп-расы 5000° Кден 50 000° Кге жетет. Фотосферада Күн тактары ж-а факелдери байкалат. Алардын диаметри 200 миң кмге жетет. Эң жогорку ж-а өтө сей­ректелген тышкы катмары К ү н т а а ж ы с ы деп аталат. Ал Күн дискин Ай тосуп калып, Күн толук тутулганда байкалат. Хромосфера­дан Күн таажысына өткөндө (100) темп-ра жо­горулап, 50 миңден 2 млн Кге жетет. Күн таа­жысында (Күн бетинен ~10 миң км) бөлүкчө­лөрдүн ылдамдыгы бир канча жүздөгөн м/сек ж-а бир канча радиус аралыкта үн ылдамдыгы­на жакын ылдамдыкка жетет. Таажыдагы газ­дар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын ж-а Күн шамалын пайда кылат.