КЛЕТКА
КЛЕ́ТКА – бардык тирүү организмдердин түзүлүш ж-а тиричилик аракетинин негизи; өз алдынча жашоо, көбөйүү ж-а өөрчүүгө жөндөмдүү эң жөнөкөй тирүү система. К. өз алдынча организм түрүндө (бактериялар, жөнөкөйлөр, кээ бир балырлар ж-а козу карындар) же көп К-луу өсүмдүк ж-а жаныбар тканынын курамында болот. Вирустар К-лык организм эмес. К-нын өлчөмү 0,1–0,25 мкмден (бактерия) 155 ммге чейин (төө куштун жумурткасы) болот. К. сыр-

тынан плазма мембранасы м-н капталган протоплазмадан – ядро ж-а цитоплазмадан турат. Бардык К-лардын ген. аппараты бар. Ал эукариоттук К-ларда ядродо жайгашкан. Прокариоттун ядросу жок, ген. материалы цитоплазмада эркин жайгашкан. К. бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Жыныс К-сы мейоздук бөлүнүүдө пайда болот.

Эукариоттук К-нын цитоплазмасында ар бири белгилүү функция аткарган органоиддери бар: рибосомалар, митохондриялар, эндоплазма торчосу, Гольжи аппараты, лизосомалар, К. мембранасы. Булардан башка К-нын формасын, ички скелетин түзүүчү структуралар микротүтүкчөлөр, микрофибриллдер ж-а кошундулар болот. К-нын органоиддеринин мембраналуу болушу эң кичине көлөмдүү К-да бир эле мезгилде бир нече процесстердин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Эукариоттук К-лар м-н прокариоттордун ортосунда айырмачылык м-н катар окшош жактары да бар: экөөндө тең бирдей функция аткаруучу плазма мембранасы, К. кабыкчасы, белок синтездөөчү органоид – рибосома, ген. материал – ДНК, зат алмашууга катышуучу фермент аппараттары ж. б. бар. Бул окшоштуктар алардын К-лык түзүлүштөгү организмдер экенин далилдейт. Эукариот К-лар түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрү б-ча жаныбар ж-а өсүмдүк К-ларына бөлүнөт. Өсүмдүк К-сынын плазма мембранасынын үстүндө катуу К. кабыкчасы бар. Адистештирилген өсүмдүк К-сында бир нече же борб. бир вакуолу болот. Вакуолдо туз, орг. к-талар, углеводдор, алкалоиддер ж. б-дын эритмеси болуп, өсүмдүктүн суу алмашуусунда ролу чоң. Бир эле организмдин орган ж-а ткандарынын К-лары аткарган кызматына байланыштуу өзгөчө түзүлүштө болуп, ошолорго гана мүнөздүү органоиддери болот. Мис., булчуң К-ларынын миофибриллдери, нерв К-ларынын нейрофибриллдери, жашыл жалбырактын К-ларынын хлоропласттары ж. б. Ядросу жок К-лар да кездешет (эритроциттер, тромбоциттер). К-нын түзүлүшү, формасы ар түрдүү. Өзгөрүлмө (амёба, лейкоциттер) ж-а туруктуу формадагы К-лар кездешет. Инфузория, эритроцит ж-а нерв К-лары өзүнө гана мүнөздүү туруктуу формада болот. Алардын формасы беттик тартылышка, жанаша жаткан К-лардын таасирине, жайгашкан чөйрөсүнө байланыштуу. Өсүмдүк ж-а жаныбар ткандарынын К-лары бири бирине жа-
саган кысымдардын таасиринен көп кырлуу. К. ж-дөгү илим – цитология.