КЕНДИРБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (т. ж. б., азыркы Ысык-Көл обл. Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамл. ишмер. 1916-ж. Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка­чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш­тыруу б-ча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш­пек ш-нда ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу обл. аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-ж. Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай­ланыштуу 1926-ж. кайра туулган жерине кел­ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыш-нда оору­кана бөлүмү, Барскон кыш-нда орто мектеп ку­рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932), ага а. ч. башчысынын кызматы сунуш кылын­ган. 1936-ж. Ташкент ш-ндагы пахта өстүрүү ин­тунда ил. кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал­ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй­рулган. 1961-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.