КЕН ҮҢҮЛМӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ҮҢҮЛМӨСҮ (забой) – шахтада, рудникте кен казуу, оюп кирүү, алга жылуу иштери. Жер астында пайда болуучу казылманын түбү. Ан­дан ары кен казылып кете берет. Ачык казма­ларда казманын капталдары м-н бет маңдайы үңүлмө болуп саналат. Бургулоо иштеринде ко­лонканын тоо тектерди майдалап, талкалап жаткан түбү үңүлмө болот. Андан ары үңүлмө тереңдей берет.