КЕН ЖАРДЫРУУ
КЕН ЖАРДЫРУУ – жардыруучу заттар м-н кенташтарды жардырып талкалоо. Бул иш жардыруучу заттар, жардыргыч каражаттары (капсула милте, жип, электр заряд ж. б.) аркылуу ишке ашырылат. Тоо тектери м-н кенташтарды жардыруу үчүн адегенде аларды бургулайт же кол м-н оёт. Оюлган оюкка же бургуланган көзөнөккө керектүү өлчөмдө жардыруучу зат салынат. Аны дүрмөт м-н от алдырат. Тоо тектери өз алдынча, кенташтар алардан бөлөк жардырылат. Жер астындагы тоо тектерди же кенташтарды жардырып, боштуктарды пайда кылуу аркылуу тереңдиктеги ири кендер казылып алынат. Көмүр катмарларын өндүрүүдө жалынсыз жардыруу иштери колдонулат. Өзгөчө газ м-н чаң кездешкен көмүр шахталарында жалынсыз жардыруу негизги орунду ээлейт.