КЕМСЕЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМСЕЛ – аялдардын жана эркектердин жука сырт кийими.

Ал таардан, кездемеден, баркыт­тан жасалат. Тизеге жетип тургандай бычылып, жеңи узун же чолок келет. Ичи жука кездеме менен ас­тарланат. Учурда жалаң­ кат же ичтелген, өңүрү, этек-жеңдери саймаланып кооздолгон кемселдин түрлөрү кеңири тараган.